2026-жылдын июнунда анын жүзүн тоолор, көчмөн жашоо образы жана жайыттык малчылык аныктаган Кыргызстан өлкө жайыттык малчылыктын келечегин кандайча кабылдай тургандыгын көрсөтүү үчүн Жибек жолунун кербенин кабыл алды. Бул кабылдоо жаштарга таянат, алар мыйзамдык чараларды иштеп чыгууда эске алынуучу жерди пайдалануу, суу менен жабдуу тармагында инновациялык чечимдерди, жайыттык малчылардын тажрыйбасы жана аялдардын жетекчилиги астында жергиликтүү көндүмдөрдү жана продукцияларды жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн булагына айландыруучу ишканалар жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышышат.
Өзүнүн улуттук өнөктөшү – Rural Development Fund (RDF- Айыл өнүктүрүү фонду) менен биргеликте Кербен өлкө салттуу билимдерди жаңы мамилелер менен айкалыштырып пайдалануу менен жайыттардын азыктуулугун жана элеттик жамааттардын турмушка жөндөмдүүлүгүн сактап кала алгандыгын билүү үчүн Бишкек, Чүй областы жана Ысык-Көлдүн району аркылуу өттү. Кыргызстандын жайыттары 10 миллион гектардан ашуун аянтты ээлейт жана анын үлүшүнө айыл чарба продукциясынын дээрлик 49 пайызы туура келген малчылык үчүн негизги тоют базасы болуп кызмат кылат, ошол эле учурда өсүмдүк өстүрүүчүлүк 47 пайызга жакынды берет. Жайыт жерлеринин келечеги элет райондорун туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жана көп жагынан улуттук иденттүүлүктү аныктоочу көчмөн салттар менен үзгүлтүксүз байланышкан. Мына ошондуктан жайыттардын абалы жана аларды башкаруу Кыргызстандын жерлердин деградациясынын нейтралдуу балансына, кургакчылыкка туруктуулукту жогорулатууга жана биотүрдүүлүктү сактоого жетишүү боюнча аракеттеринде борбордук орунду ээлейт.
«Биз үчүн жайыттар — жаратылыш ресурсу гана эмес, улуттук байлык дагы: миллиондогон жарандардын бакубаттуулугу жана көчмөн цивилизациясынын көп кылымдык салттарын сактоо алардан көз каранды», — деп билдирди Кербендин катышуучуларына кайрылып Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев.
Жаш муун Кербенди тосуп алууда
Бишкектин Инновациялык борборунда Борбор Азиянын Малчылар альянсынын жаш активисттери Кербенди муундар аралык викторинага чакырышты. Аксакалдар, жаш малчылар жана чет элдик коноктор өздөрүнүн малчылыктын салттары, жайыт жерлерин башкаруунун көчмөн көндүмдөрү жана заманбап реалийлери жөнүндө билимдерин текшерип көрүү үчүн аралаш командарларга бөлүнүштү.
Үч раунд аралыгында командалар жайыттык малчылыктын издеринин сырларын ачуу жана сезондук көчүүлөр убагында зарыл болгон буюмдарды аныктоо үчүн жарыша аракеттеништи, ошондой эле жайыттарды башкаруунун кайсы маселелерин GPS жана учкучсуз учактардын жардамы менен аткарууга мүмкүндүгүн чечишти. Малчылардын сезондук көчүү-конууга укугу жана жаштар туш болушкан тоскоолдуктар жөнүндө маселелердин бир бөлүгү, «Жер ресурстары тармагындагы келечек: жайыт жерлери жана малчылар» тематикалык баяндамасын кошо алганда, БУУнун Чөлгө айлануу менен күрөшүү боюнча конвенциясынын (БУУ ЧКК) материалдарынын негизинде даярдалды. Телефон пайдаланууга уруксат берилген жок – жоопторду биргелешип издөө керек болгон. Раунддар ортосундагы тыныгууларда салттуу музыка менен кара жорго бийи майрамдык маанайды кубаттап турду, а жеңүүчүлөр “көчмөндүн баштапкы буюмдар топтомун” алышты.
Жолугушуу шаңдуу жана жандуу өттү, бирок, оюн формасынын артында олуттуу маселе турду: жаштар келечегин малчылык менен байланыштырууну каалаш үчүн эмне өзгөрүшү керек? Элеттин көптөгөн жаштары мүмкүнчүлүктөрдү издөө менен шаарларга жана чет өлкөлөргө кетип жатышат. Калгандарга болсо көп учурда жер жана зарыл окутуу жеткиликсиз, а алардын үндөрүн жайыттарды башкарган органдар угушпайт. Жаш аялдар андан да көп көйгөйлөр менен бет келишүүдө.
Командалар кырдаалды эмне өзгөртө ала тургандыгын талкуулашты: баштапкы финансылообу, санариптик аспаптарбы, агротуризмби, кооперативдерби, жайыт пайдалануучулар бирикмелерине биригүүбү жана тажрыйбалуу малчылардын насаатчылыгыбы? Улуу муундагылар мал, аба ырайындагы өзгөрүүлөр жана сезондук көчүп-конуулардын маршруттары жөнүндө талкуулашты, а жаш катышуучулар технологиялык чечимдерди жана туруктуу бизнестин идеяларын сунушташты. Кербендин катышуучуларына жаштардын канчалаган муундарды багып келе жаткан жер үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алууга даярдыгын көрсөтүү менен бардык программаны иштеп чыгышып жана жүргүзүшкөнү таасир берди. Тажрыйба алмашуу ар кайсы муундардын билимдерин санариптик аспаптар жана жайыттарды башкаруунун расмий механизмдерине катышуу менен айкалыштыруу канчалык маанилүү экенин да көрсөттү. Бул иш жүзүндөгү маалыматтарга таянган жана калктын бардык топторунун кызыкчылыктарын эске алган жер саясатынын зарыл негизи.
Жайкы жайлоо үчүн жасалган мөңгү
Сын-Таштан алыс эмес жердеги Коргонду жайытында Кербендин катышуучулары кышкы сууну адаттагыдан тыш формада сактап калууну көрүштү: жергиликтүү жашоочулар бийик тоолуу жайлоону колдоп туруу үчүн жасалма мөңгү жасашкан.
2,85 чакырым узундуктагы түтүк аркылуу булак суусу бийиктиги 11 метр конструкцияга кирет, ал жерден тоңуп, бийиктиги алты метрден ашуун муз массасына айланат. Жазында жана жайдын башталышында ээриген суу төмөн жакта жайгашкан суу ичүүчү жайларды толтурат. Ушундан улам мал жайдын ортосуна чейин бул жерлерде жайылат, бул вегетациянын өтө маанилүү мезгилинде жайыттарга күч келтирүүнү азайтат жана жергиликтүү жайыт өсүмдүктөрүнө гүлдөп жана уруктанууга убакыт берет.
Суунун мал сугарууга кетпеген бөлүгү 30 куб метр көлөмдөгү резервуарга топтолот. Бул жакында отургузулган жаңгак дарактарын кошо алганда, төрт гектардан ашуун жерди сугаруу үчүн жетиштүү. Жаңгак тилкелеринин ортосуна дары чөптөрдү өстүрүү пландалууда. Жергиликтүу үй-бүлөлөр үчүн бул система үй-бүлөлүк бюджетте жайыттарды калыбына келтирүүдөн кем эмес маанилүү ролду ойной алат. Бул мисал жергиликтүү деңгээлдеги натыйжалуу чечимдерди баалоо жана өркүндөтүү жана зарыл болсо талаптагыдай көзөмөл чараларын сактоо менен аларды кеңири масштабда жайылтуу үчүн гидрологиялык жана экологиялык натыйжаларды каттап туруунун канчалык маанилүү экенин да көрсөтөт.
Малчылардын тажрыйбасы – министрликтеги диалогдун чордонунда
17-июнда Кербен Чөлгө айлануу менен күрөшүү күнүн Rural Development Fund (RDF- Айыл өнүктүрүү фонду) уюштурган жана Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан «Жайыт жерлери: баалоо, урматтоо, калыбына келтирүү» урааны астында өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги диалогго катышуу менен белгиледи.
Диалогго Минкабдын, БУУнун ЧККсынын, Эл аралык жер коалициясынын, БУУӨПтүн, ФАОнун жана Улуттук жер коалициясынын өкүлдөрү катышышты. Кербен менен саякатташкан эл аралык катышуучулар үчүн бул өз тажрыйбаларын Кыргызстандын тажрыйбасы менен салыштыруу мүмкүнчүлүгү болду.
Тунистик Bergers de Semmama и Green IYRP Initiative уюмунун өкүлү Мохамед Аднани Хлали чөлгө айлануу элет жашоочуларын кандайча туулган жерлерин таштап кетүүгө аргасыз кылганын жана жайыттык жамааттардын өз алдынчалуулугуна коркунуч келтиргенин айтып берди. Индиянын жайыт жерлеринин жана малчыларынын глобалдык альянсынан Бхавнабен Десаи жерлерди карталаган, чөптөрдүн жергиликтүү түрлөрүн сээп жана жалпы пайдалануудагы жер аянттарын башкарууга катышып жатышкан айылдар комитеттери жөнүндө айтты. Алардын ишинен улам эми 1200дөн ашуун үй-бүлө жайыттарга кеңири жеткиликтүүлүк алышкан, а аялдар жер ресурстарын калыбына келтирүү боюнча чечимдерди кабыл алууда активдүү роль ойноп калышты.
Жергиликтүү жамааттардын аракеттери менен жаратылышты коргоо жөнүндө дискуссия убагында Жайыт жерлердин жана малчылардын Глобалдык Альянсынын түштүк африкалык бөлүмүнөн Могамат Игшаан Самуэлс жаратылышты бул территорияларды кылымдап башкарып келишкен адамдардан бөлүп караган мамилелерди сынга алды. «Бул экосистемалар кылымдар бою малчылар менен бирге калыптанган, - деди ал. – Биз алдыбызга коюп жаткан милдеттерди кайра аңдап чыгышыбыз керек».
Сомалиялык «Менин жерим – менин жашоом» коалициясынан Ахмеднур Салех Мохамуд ал өлкөдө 2020-жылдын 2025-жылга чейинки алты жыл бою жаан сезондорунда жетиштүү жаан-чачын болбогонун эстеди. Анын айтуусу боюнча, ыңгайлашуунун ыкмаларынан эң майнаптуусу катарында мобилдүүлүк калган: «Көчүүнү улантышкан үй-бүлөлөр аман калышкан». Азыр анын уюму жаштардын малчыларга кургакчылыктан өтүүгө мүмкүндүк берүүчү практиканы каттоого жана системалаштырууга жардам берүүдө.
«Арабызды миңдеген чакырымдар бөлүп турса да, кыйынчылыктарыбыз окшош» — ушул ой диалогдун катышуучуларын бириктирип турду. Баарлашуу ошол эле практикалык маселелерге: малчылардын сезондук мобилдүүлүгүн климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу ыкмасы катарында колдоого, аялдарды жана жергиликтүү жамааттарды жер жөнүндө чечимдерди кабыл алууга тартууга, суу ресурстарын оптималдуу пайдаланууга жана жер пайдаланууда өзүн далилдеген мамилелер менен алмашууга кайра-кайра кайрылып жатты. Диалогдун жыйынтыгында жайыт жерлерин калыбына келтирүү жана жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча рекомендациялар иштелип чыкты. Аларды жүзөгө ашыруунун ийгилиги өкмөттүк түзүмдөр ортосундагы өз ара аракеттенүүдөн, кызыкдар тараптардын активдүү катышуусунан жана экологиялык натыйжалардын да, жашоого каражаттардын булактарына таасир этүүнүн да мониторингинен көз каранды болмокчу.
Кол эмгеги жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги жылуу кабыл алуу
Кербен Ысык-Көлдөн алыс эмес Бөкөнбаевде Жаңыл Баишева негиздеген жана аялдар ассоциациясы башкарган этномаданий комплексте бир нече күн болду. Отуз жыл мурда анча чоң эмес кийиз өнөркана катарында башталган ал өндүрүштүк студиясы, билим берүү борбору жана боз үйлөр лагери менен туруктуу ишканага айланган.
Ассоциация аларга кошумча эмгек акы берүү жана жаш уздарды окутуу менен кошуна айылдардан ондогон аялдар менен кызматташууда. Жергиликтүү жүн салттуу кийиз аппликациясын заманбап дизайн менен бириктирген сувенирдик продукцияга айландырылат. Боегучтардын бир бөлүгү өсүмдүктөрдөн алынат. Чеберлердин буюмдары эл аралык көргөзмөлөргө коюлган, а 2014-жылы ЮНЕСКОнун Сапат белгисине татыктуу болгон.
Талаага чыгуулар жана дискуссиялар менен толгон бир нече күндөн кийин Кербендин катышуучулары жергиликтүү чеберлердин жетекчилиги астында эсте калуучу кийиз килем жасашты. Бардык катышуучулар чогулган боз үйдө чеберлер өз өнөрлөрүн гана көрсөтүшпөстөн, конокторго саякаттын көргөзмөлүү летописин өз колдору менен түзүүнү - биргелешип иштөөнү да сунушташты. Бардык катышуучулар кол коюшкан килем эми БУУнун ЧККсынын Бонндогу катчылыгында Кыргызстанда Кербенди кандай меймандостук менен кабыл алышканын эске салуу менен илинип турат.
Андан ары КС-17ге жол
Кыргызстан Кербендин анын жүрүшүндө ар бир өлкө өзүнүн уникалдуу тажрыйбасын сунуштаган Борбор Азия боюнча жыйынтыктоочу этабын белгиледи. Өзбекстан сугат жерлерин шор басуусу менен күрөшүү жана кургак ландшафттарды калыбына келтирүү методдорун, ошондой эле Жашыл Универститеттин эколог адистердин жаңы муунун даярдоо боюнча ишин көрсөттү. Казакстан ондогон жылдарда топтолгон топурак маалыматтары санарип мониторинг системасында кантип пайдаланылып жатканын көрсөттү. Кыргызстан жайыттарды жергиликтүү жамааттардын күчү менен калыбына келтирүү тажрыйбасы, суу менен жабдуу тармагындагы инновациялык чечимдер жана аялдардын жетекчилиги астында кирешенин туруктуу булактарын түзүүчү жана жергиликтүү калкты иш менен камсыздоочу ийгиликтүү бизнес-моделдердин мисалдары менен бөлүштү.
Бүтүндөй маршрут аралыгында БУУнун ЧККсынын командасы практик адистерге жер-жерлерде текшерилген чечимдерди БУУнун ЧККсынын билимдер платформаларында берүүгө жана аларды КС-17де көрсөтүп берүүгө кеңеш берди. Ийгиликтүү тажрыйбаны жайылтуу айрым долбоорлорду талкуулоодон аларды: кайсы чечимдер иштейт, кандай экологиялык жана институциялык шарттарда жана кантип алардын узак мөөнөттүүлүгүн камсыздоо же дагы кеңири масштабда жайылтуу боюнча мыйзамдык рекомендацияларды иштеп чыгууну колдой алган маалыматтар банкына өткөрүүгө жардам бермекчи.
Кербенди узатып жатып Rural Development Fund (Айылды өнүктүрүү фондунун) жетекчиси Кулуйпа Акматова долбоордун миссиясына ишенимди өз үй-бүлөсүнүн таржымалы менен байланыштырды: анын тай атасы бир убакта төө менен Улуу жибек жолу аркылуу Кашкарга – Кытайдын батышындагы байыркы соода шаарына чейин жеткен экен. «Ал дайыма өз жолунда биздей эле адамдар кездешкенин айтчу экен. Чынында баарыбызга тең жөнөкөй эле нерселер: таза суу, таза аба, жетиштүү тамак-аш жана үй-бүлөлөрүбүздүн коопсуздугу керек».
Акматова саякатчыларга Кербен өзү менен көчмөн меймандостугун кошо алып, мындан ары Кытай жана Монголия аркылуу чыгышты карай жол тартып жатканда алардын куржундары мындан ары да билимдерге жана кеменгерликке толо берүүсүн каалады.